народный

«Ош электро» ААК кызматкерлери пара талап кылуу учурунда кармалды

 «Ош электро» ААК кызматкерлери пара талап кылуу учурунда кармалды. Бул туурасында УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

2020-жылдын 19-февралында УКМКнын кызматкерлери тарабынан Ош шаарында жана Ош областында энергетика тармагындагы коррупциялык көрүнүштөрдү алдын алуу багытында жүргүзүлгөн иш-чара учурунда Ноокат райондук электр станциясынын жооптуу кызматкери С.М. жана «Ош электро» ААК текшерүү жана көзөмөлдөө бөлүмүнүн инспектору П.А. 50 миң сом пара алып жаткан учурунда кармалды.

Такталгандай, аталган кызматкерлер Ноокат районунун жашоочусу Т.Б.  электр энергиясын уурдаган деп андан 283 миң сом өлчөмүндө пара талап кылышкан.

Сотко чейинки өндүрүштүн материалдары КР Кылмыш-жаза кодексинин 238-беренесинин 1-б. (кызматчынын мыйзамсыз сыйакы алуусу) боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. Бул боюнча тергөө жүрүп жатат.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru