народный

Ош облусундагы өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлү Жарасул Абдураимов милиция кызматкерлерин куттуктады-(ФОТО)

Кыргыз Республикасынын Ош облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү милиция кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады.
2020-жылдын 31-октябрь күнү Ош облустук Ички иштер башкармалыгы Кыргыз милициясынын 96 жылдыгын белгиледи. Салтанаттуу азем санитардык эпидемиялогиялык эрежелерди сактоо менен өткөрүлдү. Алгач Кыргыз Республикасынын Ош облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Абдураимов Жарасул жетектеген Ош облусунун мамлекеттик органдарынын жетекчилигинин катышуусунда кызмат учурунда курман болгон милиция кызматкерлеринин айкелдерине гүлчамбарлар коюлуп, маркумдарга арнап куран аяттары окулду. Андан соӊ майрамдык аземди Кыргыз Республикасынын Ош облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Абдураимов Жарасул ачып Кыргыз милициясынын түзүлгөндүгүнүн 96 жылдыгы менен куттуктап сөз сүйлөдү жана кызматтык милдетин аткарууда өзгөчөлөнгөн милиция кызматкерлерине сыйлыктарды тапшырды. Ош облустук прокуратура, Мамлекеттик улуттук коопсуздук кызматынын Ош облусу жана Ош шаары боюнча башкармалыктарынын жетекчилиги да куттукташып өздүк курамды кесиптик майрамы менен сый белектерин тартуулашты. Салтанаттын соӊунда Ош облустук Ички иштер башкармалыгынын начальниги милициянын генерал-майору Малик Нурдинов тарабынан Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин буйруктарынын негизинде Ош облустук Ички иштер башкармалыгынын бөлүм, кызматтарынын кылмыштуулук менен күрөшүүдө жана коомдуккоопсуздукту камсыз кылууда мыкты көрсөткүчтөрдү көрсөтүшкөн кызматкерлерге министрликтин медалдары, ардак грамоталары жана кезектеги аскердик наамдары тапшырылды. Ошондой эле жалпы кесиптештерин кесиптик майрамы менен куттуктады: Урматтуу кесиптештер жана мекендештер! Сиздерди 1-ноябрь – Кыргыз Милициясынын түзүлгөндүгүнүн 96 жылдык маарекеси менен өзүмдүн жана Ош облустук ички иштер башкармалыгынын өздүк курамынын атынан чын-жүрөктөн куттуктаймын.
96 жыл – бир сөз менен айтканга оӊой болгону менен, эгер биз өткөн мезгилге көз чаптырсак, Кыргыз милициясы канчалаган сөөк сыздаткан күндөрдү,уйкусуз түндөрдү башынан өткөрүп Мезгилдин сыноосун баштан кечирди. Коомдук коопсуздукту камсыз кылууда кызматтык милдеттерин аткаруу учурунда Ош облусунун аймагында 35 милиция кызматкери баатырларча курман болушкан. Ал эми Өлкө боюнча 150 жакын кызматкер өз өмүрүн өлкө коопсуздугу үчүн арнашкан. Алар эч качан эсибизден чыкпайт!
1924-жылы 1-ноябрда ошол кездеги РСФСРдын курамындагы Кара-Кыргыз автономдук облусунда Кыргыз милициясынын алгачкы башкармалыгы түзүлгөн.
Совет бийлигин бекемдөө жылдары, милиция, революциянын жеңиштерин коргоо менен Кызыл Армия түзүлгөнчө анын милдетин гана аткарбастан, эл арасында массалык үгүт жана саясый-тарбиялык иштерди да жүргүзгөн.
Граждандык согуш жана басмачылар менен күрөш мезгилинде кыргыз милициясынын орду эбегейсиз зор болгон.
1941-1945 жылдары Улуу Ата Мекендик согушунда кыргыз милициясынын айтып бүтпөс эрдиктери эл оозунан түшпөй келет.
“Ата-Журт кыйын кезге кабылганда, айлансын ар бир уулуӊ чагылганга” – деп Жолон Мамытов акын агабыз жазгандай, өлкөбүз кандай гана сыноолорго кабылбасын Кыргыз Милициясынын курч мизи, кылмыштуулук менен күрөшүүдө, жарандардын коопсуздугун сактоодо эч качан майтарылбайт жана элибиздин ишеничин актап, татыктуу кызмат кыла берет.
Урматтуу кесиптештер!
Баарыӊыздарды дагы бир жолу Кыргыз Милициясынын түзүлгөндүгүнүн 96 жылдык маарекеси менен чын жүрөктөн куттуктаймын!
Ош ОИИБдин басма сөз кызматы.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru