народный

Ош облусунун аймагында “Арсенал” аталыштагы ыкчам профилактикалык атайын иш чара өткөрүлдү -(ФОТО)

Бул өткөрүлгөн атайын алдын алуу иш чарасынын жүрүшүндө мекеме ишканалардын каттоосунда жана пайдалануусунда сайлуу, сайсыз ок атуучу жана газ менен атуучу куралдарды, жардыруучу заттарды текшерүү үчүн биргелешкен топторду түзүлүп райондук ички иштер бөлүмдөрүндө каттоодо турган 22 мекеме-ишкана текшерилип, текшерүү боюнча актылар түзүлдү, текшерилген мекеме-ишканалардын ичинен сактоосунда, пайдалануусунда курал жарагы бар 6 мекеме, сактоосунда жарылуучу заттары бар 1, жеке кайтаруу агенттиги 15 жана 1107 мергенчилер текшерилди, ошондой эле сыйлыка берилген ок атуучу куралдары бар жарандардан-5, газ-резина менен атуучу тапанчасы бар жарандардан-111 жаран текшерилди.

Текшерүү мезгилинде сактоосунда жана пайдалануусунда курал жарактары бар жарандардын куралды сактоо жана кайра каттоо эрежелерин сактабагандыгы үчүн 56 жаранга жана 1 жеке күзөт мекемесине Бузуулар жөнүндө Кодексинин 84-85-беренелери боюнча протокол түзүлүп, аларга карата 79000 сом айып салынды.

Иш-чаранын учурунда 2792 үй ээлери, 2695 авто унаа, 14 соода сатык базарлары, 4 мейманкана, 5 көңүл ачуучу жайлар,  жана 8 криминалдар топтолгон  жайлар текшерилди. “Арсенал” атайын иш чарасынын жүрүшүндө 

мыйзамсыз сакталган 4 даана ок атуучу куралдар жана ок дарылар алынган, алардын ичинен -2 даана сайсыз ок атуучу курал жана ага 23 даана ок дарылар, 2 даана газ куралы алынып, КЖБРге катталган.
Атап айтканда:

  1. Араван районунун аймагында “Арсенал” операциясы жүрүшүнүн учурунда, Араван РИИБдин кызматкерлери тарабынан А.Анаров а/а. жайгашкан “Ак-Буула”пахта заводунун директору 58 жаштагы М.М иштеген жеринин имаратынан, бир даана “Сайга 410” үлгүсүндөгү ок атуучу куралы 23-даана огу менен, даана “MIAMI MID 35» үлгүсүндөгү жел тапанчасы кутучасында огу жок абалында жана бир даана «ENSER-SPORT WAFFN” үлгүсүндөгү жел тапанчасы магазинин ичинде огу жок абалында табылып алынган.
    2.Карасуу шаарында иш жүргүз ЖЧК “Шить и Меч” жеке күзөт мекемесинин ок атуучу куралдарын сактоочу кампасын текшерген учурда, аталган мекеменин ок атуучу куралдарды сактоого уруксат кагаздарынын жоктугу жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 15.02.2001-жылдагы №47 токтомунун талаптарына дал келбегендиги үчүн, ЖЧК “Шить и Меч” жеке күзөт мекемесине таандык 3 даана газ-жарат келтирүүчү ок атуучу куралдары ички иштер органдарына убактылуу алынып, мекеменин жетекчилигине КРнын Бузуулар Кодексинин 84-беренесине ылайык протокол түзүлүп 17000 сом айып пул салынган.
    Ош ОИИБдин басма сөз кызматы

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru