народный

Ош облусунун аймагында тоннасы 3 миң сомдон көмүр сатыла баштады. Даректер:

 Ош облусунун райондорунда тоннасы 3 миң сомдон көмүр сатыла баштады. Бул тууралуу облустагы өкүлчүлүктүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, аталган көмүр Өзгөн районунун 15 жаш айылындагы карьерден алынып келинип, буга чейин Ош облусунун аймагында иштеп жаткан социалдык базаларда сатылат.

Көмүрдүн сапаты атайын адистердин текшерүүсүнөн өткөрүлдү.

Учурда төмөнкү даректерде арзан көмүр сатылууда:

  • Ноокат району — Мирмахмудов айыл өкмөтүндөгү аэропорт участкасы, Кулатов айыл өкмөтүндөгү Абшыр-Ата айылы;
  • Кара-Суу району — Жоош жана Сарай айыл өкмөттөрү;
  • Кара-Кулжа району — Кара-Кулжа айылы (болжол менен “Кулун-Ата” күйүүчү май куюучу жайы);
  • Араван району — Алля Анаров айыл өкмөтүндөгү Пахта заводу.

Облустук администрациянын маалымат кызматы мындан башка дагы даректер такталып жатканын айтып, арзан көмүр ар бир райондо жеткиликтүү болорун эскертти. Азырынча атайын чек коюлган, ар бир адам эки тоннага чейин гана ала алат.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru