Ош облусунун аймагында жер титрөө катталды
Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, үстүбүздөгү жылдын 26-февраль күнү саат 11:50дө Ош облусунун аймагында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталган. Жер титирөө Чоң-Алай районунун Ачык-Суу айылында 2 баллга чейин сезилген.
Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.