Ош облусунун айыл өкмөт башчыларына бир катар тапшырмалар берилди
29-январь күнү Ош облусунда 2022-жылы аткарылуучу жумуштарды талкуулаган жыйын болуп өттү. Бул тууралуу президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн билдиришти.
Иш-чарага президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдинов, район жетекчилери жана айыл өкмөт башчылары катышты. Жыйында облус башчысы сөз сүйлөп, айыл өкмөт башчыларына бир катар тапшырмаларды берди. Берилген тапшырмалар: Март айына чейин арык жана каналдарды тазалоо; Жазгы талаа жумуштарына даярдык көрүү; Тез арада айыл өкмөт мекемелерин санариптештирүү; Мал-жандыкты идентификациядан өткөрүү маселеси; Инвестиция тартуу жана Инвесторлорго шарт түзүү; Ишкерлерди колдоо жана ишкерлерге шарт түзүү; Айылдагы көйгөйлөрдү чечүү жана жарандар менен тыгыз иштешүү; Жумушка жоопкерчиликтүү мамиле кылуу; Жергиликтүү тургундардын көйгөйлөрүн ыкчам жана жеринде чечүү.
Ошондой эле Ош облусунун башчысы айыл өкмөт башчылары жана айыл өкмөттөгү кызматкерлер жарандар менен иш алып барууну, элдин көйгөйүн жеринде чечүү керектигин айтты.