Ош облусунун Кожокелен айылында кичи-ГЭС курулат

Ош облусунун Кара-Суу районундагы Кожокелен айылында жаңы кичи-ГЭС курулат. Бул тууралуу өкмөттүн Ош облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, кечээ, 26-февралда өкмөттүн Ош облусундагы өкүлү Узарбек Жылкыбаев кичи-ГЭС курула турган жай менен таанышып, Кожокелен айылынын эли менен жолукту. Аталган айыл Кара-Суунун райондук борборунан 200 чакырым алыстыкта жайгашкан.

Маалыматка ылайык, кичи-ГЭС курулгандан соң жергиликтүү калктын электр энергиясы менен камсыздалышы жакшырат. Ошондой эле жергиликтүү бюджетке салыктык төлөмдөр көбөйөт

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru