Ош облусунун жетекчиси “Ишеним” партиясы аркылуу шайлоого барышы боюнча үн катты

11-апрелде боло турган жергиликтүү кеңештин шайлоосуна Ош облусунун жетекчиси Жарасул Абдураимов “Ишеним” партиясын жетектеп барат деген маалымат боюнча үн катты.

“2010-жылы “Ишеним” элдик партиясын Жарасул Абдураимов бир нече шериктери менен  бирге негиздегени анык. Бирок, 2020-жылдын 24-декабрда Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнө дайындалып жатып, башка бизнестерине кошуп партияга болгон ээлик укугун дагы өткөрүп берген. Ошондуктан, Жарасул Абдураимовдун атына байлоо менен административдик ресурс колдонот деген күмөн негизсиз. Мамлекет башчысынын талабына ылайык  шайлоо ачык- айкын өтөт”-дейт облус жетекчилигинин басма сөз кызматы.

Учурда “Ишеним” партиясынын жетекчиси катары Ибаков Мирлан Таштандиевич деген жаран көрсөтүлгөн.

Аталган партия Ош, Бишкек шаары, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Ош облусунун бир катар жергиликтүү кеңештерине катышуу ниетин билдирген.

Белгилей кетсек, бүгүн УКМК жергиликтүү кеңештерге шайлоого катыша турган күчтөрдү мыйзамды сактоого чакырган маалымат таркатып, анда Жарасул Абдураимовдун атын атап эскертүү берген.

“Өкмөттүн Ош облусундагы өкүлү, Абдураимовдун “Ишеним” саясий партиясы жегиликтүү кеңештерге шайлоого аттанып жаткандыгы тынчсыздандырат. Административдик ресурсту колдонуунун натыйжасында күз айында адилетсиз шайлоо болуп, октябрдагы окуяларга себеп болгон. Мындан улам, баардык саясий күчтөргө өлкөнүн учурдагы мыйзамдарын так сактоо менен таза жана ачык шайлоо өткөрүү зарылдыгы жөнүндө эскертебиз!”-деген УКМКнын кайрылуусун “Т-медиа” жазып чыкты.

Эске салсак, бүгүн, 1-март жергиликтүү кеңешке партияларды каттоонун акыркы күнү.

27-февралдагы маалымат боюнча Ош шаардык кеңешиндеги 45 мандатка 12 партия ат салышуу ниетин билдирген.

Leave A Reply

Your email address will not be published.