Ош шаардык коменданттын алкоголдук ичимдикти саттууга тыюу салган буйругу жокко чыкты. Себеби:

Бул тууралуу  Ош шаарынын комендантынын маалымат кызматы билдирди:

“Коменданттын ичимдик саттырбай коюу боюнча буйругу жокко чыкты. Анткени ал жергиликтүү кеңештин депутаттарынын уруксаты берилген эмес.  Демек ал күчүнө кирди деп эсептелбейт. Ичимдикти саттырбай коюну жергиликтүү эл өзү суранган. Себеби алардын жакындары ичимдик ичип алып, жоголуп кетишүүдө деп арыз менен кайрылгандар көп болгон”-деп айтылат маалыматта

Эсиңиздерге сала кетсек, Ош шаарын боюнча ичимдикти сатпоо боюнча коменденттын буйругу чыгып, сатуучуларды туура түшүнүүгө чакырган эле.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru