народный

Ош шаардык мэриясы кайрымдуулукту чыныгы муктаждарга берүүнү талап кылып, чогуу иш алып барууга чакырды

Мындай пикирди  Ош шаардык мэриянын басма сөз катчысы Азамат Абсатаров социалдык баракчасы аркылуу билдирди:

“Ош шаарындагы аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө азык-түлүктөн өз алдынча жардам көрсөтүп жаткан кайрымдуулук фонддорунун, уюмдардын жана жеке ишкерлердин эсине!

Эгерде кандайдыр бир жардам көрсөткүңүз келсе, Ош шаарынын мэриясына кайрылыңыз. Анткени шаардык эмгек жана социалдык өнүктүрүү башкармалыгында каттоодо турган чыныгы аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн, мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын так даректери берилет. Кайрымдуулук иштеринде чогуу иш алып барууга чакырабыз.

Кайрымдуулук кылып жаткан жарандарга ыраазычылык билдиребиз!

Байланыш үчүн телефон: 0555 177 815”-дейт ал маалыматта. Эскерте кетсек учурда бир нече кайрымдуулук фонд коронавирус менен күрөшүп жаткан жарандарга азык-түлүк таратууда

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru