Ош шаардык милиция кызматы кимдерди коркутту?

Кечээ аялдардын укугун коргоо боюнча жөө жүрүш Ош шаарында өтпөй калды.  Өткөрүүчү тарап Оштун милициялары телефон чалып чыксаңар  өлтүрүп кетем деп коркутканын айткан эле. Бул маалыматты тактоо үчүн кайрылганыбызда Ош шаардык ШИИБинин басма сөз кызматынын башчысы  Замир Сыдыков «коом.press» сайтына  төмөнкүлөрдү билдирди: –

“Ооба, кечээтен бери  Ош шаардык милициялардан бизге коркутуулар болуп жатат. Ошондуктан аялдардын жөө жүрүшүн өткөрө албай калдык”-деген активисттердин сөздөрү соц тармак аркылуу тарап жатат. Бирок аларды бири дагы бизге расмий түрдө кайрылган жок. Кайрылса, сөзсүз чара көрүлөт”-деди.

Эскерте кетсек кечээ Бишкек шаарында “Аялдардын укугун коргоо” боюнча атайын жүрүш өтүп, милиция уюштуруучуларды кармап кеткен. Буга чейин да музейдер жылаңач аялдарды алып чыгып чуу салган Алтын Капалова, Рита Карасартова сыяктуу активисттер бул жүрүшкө чыгышты. Бүгүн дагы бир активисттер “Эгерде Ританын уяты болсо, мамлекеттик кызматты таштап кетсин”-деп айтып чыгышты. Бул митингге Улан Үсөйүн,  Айбек Турдалиев, экс-депутат Ширин Айтматовалар дагы катышты.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru