Ош шаары 9 кабаттуу ипотекалык үйдүн курулушун баштады

Бүгүн, 14-январь күнү Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов ипотекалык негизде курулуп жаткан үйдүн курулушуна капсула салды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

45 батирден турган 9 кабаттуу үй шаардын батыш тарабындагы Көкүм бий көчөсүндө жайгашкан. 2 бөлмөлүү батирден – 36, 3 бөлмөлүүдөн – 9 батир жайгашкан. Ал эми бир бөлмөлүү батир жок.

Калаа башчысы акырындык менен муниципалдык кызматкерлердин, дарыгер, мугалимдердин үйгө болгон муктаждыгын жоюп, мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн да жакшы сүйлөшүүлөр болуп жаткандыгын билдирди.

“Жеңилдетилген шартта жарандарды үй менен камсыздоо аракеттери көрүлүүдө. Үйлөр бардык шарты менен заманбап болуп курулууда”, – деди Т.Сарыбашов.

Курулуш иштери 2022-жылдын алгачкы айларында бүтүп, шаардыктарга тапшыруу пландалып жатат.

Эскерте кетсек Ош шаардык ипотекалык программасынын алкагында буга чейин да 2 ирет көп кабаттуу үй курулуп, муниципалдык, мамлекеттик кызматкерлерге берилген.

Алгач башталган кезде ипотекалык үстөк пайыз 12,14%дан болсо, учурда 4%га түшүрүлгөн.

Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашев

Leave A Reply

Your email address will not be published.