Ош шаарында 100 орундуу жаңы балдар бакчасы ачылды

Бүгүн, 14-январда Ош шаарынын Ак-Тилек кичи шаарчасында №81 “Балапан” балдар бакчасынын ачылыш аземи болуп өттү. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлайт.

Ак-Тилек кичи районуна курулган 100 орундуу бала бакча эки кабаттан турат. Жылытуу үчүн өзүнчө отказаны жана баардык шарттары менен курулган. Курулуш иштерин “Мираж” ЖЧКсы жүргүзгөн.

Шаар башчысы Таалайбек Сарыбашов жергиликтүү бюджеттен  келечек муундар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында 5 балдар бакчасынын курулушу башталып, үчүнчүсү колдонууга берилип жаткандыгын баса белгиледи.

“Келечек ээлери үчүн ак кызмат кылып, алардын билими үчүн, аң сезимин жогорулатуу үчүн шарттарды түзүп берүү максатында кызмат кылып жатабыз. Буюрса өткөн жылы жергиликтүү бюджеттен 2 жаңы бала бакчаны, 500 орундуу мектептин кошумча имаратын шаардыктардын колдонуусуна бергенбиз. Эми мынтип жыл башында жаңы балдар бакчасын тапшырып отурабыз. “Балапан” балдар бакчасынан тарбияланган ар бир бала мекен, эл үчүн кызмат кылган, жигердүү инсан болуп калыптанышына тилектешмин”,- деди шаар башчы

Ош шаарында жергиликтүү бюджеттен дагы эки балдар бакчасы курулуп жатат. Жакынкы аралыкта алар да колдонууга берилет.

Leave A Reply

Your email address will not be published.