народный

Ош шаарында 20 жаштагы кыз жаңы төрөлгөн ымыркайын баштыкка тумчуктуруп өлтүрдү

2-ноябрда Ош шаарындагы батирлердин биринен жаңы төрөлгөн ымыркайдын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Turmush басылмасына бүгүн, 4-ноябрда Ош ШИИБдин басма сөз катчысы Абсатар Тавакалов билдирди. Маалыматка караганда, ал күнү Ош ШИИБдин нөөмөт бөлүмүнө Ош шаарындагы Кара-Суу көчөсүндөгү көп кабаттуу батирлердин биринде жашаган 1992-жылы туулган Б. уулу С. Аттуу жаран кабар берген. Ал сатып алган батирин тазалап жатып, балкондо баштыкка оролгон жаңы төрөлгөн баланын жансыз денесин тапканын айткан. Аталган факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган. «3-ноябрда баланы Кара-Кулжа районундагы Ой-Тал айылынын 2000-жылы туулган тургуну И. кызы Б. аттуу кыз төрөгөнү аныкталып, ал колго түшүрүлгөн. Ал өзүнүн көрсөтмөсүндө 16-октябрда өзү жашаган батирдин ажатканасында төрөгөнүн айтты. Баласын жансыз төрөгөндүктөн эч кимге айтпай, баштыкка салып, жашап жүргөн батирдин балконуна жашырып, өзү чыгып кеткен. Ал кылган күнөөсүн толук мойнуна алды. Наристе уул экен», – деди Тавакалов. Балага соттук-медициналык экспертиза, апасына соттук-медициналык жана психикалык экспертиза дайындалган. Бүгүнкү күндө тергөө амалдары жүрүп жатат.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru