Ошто Кыргызстан менен Өзбекстан ИИМинин өкүлдөрү жолукту

2021-жылдын 24-июнунда Ош шаарында Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин орун басары милициянын полковниги Октябрь Урмамбетовдун жетекчилиги алдындагы чек арага чектеш аймактардагы ички иштер органдарынын жетекчилери менен Өзбекстан Республикасынын ички иштер министринин орун басары, полковник Бекмурод Абдуллаевдин жетекчилиги алдындагы өзбек делегациясынын кыргыз-өзбек ведомстволор аралык Координациялык жумушчу тобунун кезектеги отуруму болуп өттү.
Бирдиктүү иш-чарага чек арага чектеш аймактардагы Кыргызстандын Ош ШИИБдин, Ош ОИИБдин, Жалал-Абад ОИИБдин, Баткен ОИИБдин, ал эми Өзбекстандын Андижан, Наманган жана Фергана облустарынын ИИБдин жетекчилери катышты. Ошондой эле, бул иш-чарага чек арага чектеш аймактардагы райондук жана шаардык деңгээлдеги ички иштер бөлүмдөрүнүн жетекчилеринен Кыргызстандын Ош облусунун Кара-Суу РИИБдин, Баткен облусунун Кадамжай РИИБдин, Кызыл-Кыя ШИИБдин, Жалал-Абал облусунун Ала-Бука жана Аксы РИИБдин, Өзбекстандын Андижан Пахтаабад районунун, Ханабад шаарынын, Фергана облусунун Риштан, Сох райондорунун, Наманган облусунун Касансай районунун ички иштер башкармалыктары менен бөлүмдөрүнүн начальниктери катышты.
Отурумда жалпы кылмыштуулук жана анын алдын алуу иш-чараларын уюштуруу, экстремизм жана терроризм, адамдарды сатуу менен күрөшүү, кылмышкерлерди издөө ишмердүүлүгү, баңгизатты, акыл-эске таасир берүүчү каражаттарды жана прекурсорлорду мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы аракеттенүү, андан сырткары чек арага байланышкан коопсуздук маселелери талкууланды. Кезектеги отурумда тараптар эки министрликтин ортосундагы кызматташууну мындан ары дагы өнүктүрүү боюнча так багыттарды аныкташты.
Отурумдун ишинин жыйынтыгы менен өз ара кызматташуу Протоколуна жана 2021-20220-жылдарга карата Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын чек арага чектеш ички иштер органдарынын бирдиктүү ыкчам алдын алуу иш-чараларынын Планына кол коюлду.
Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин орун басары милициянын полковниги Октябрь Урмамбетов менен Өзбекстан Республикасынын ички иштер министринин орун басары, полковник Бекмурод Абдуллаевдун жолугушуусу достук жана иштиктүү маанайда өттү.
Өзбекстандан келген коноктор Ош шаарындагы маданий жайларга барышып, “Сулайман-Тоо” тарыхый-этнографиялык музей менен кеңири таанышышты. Музейдеги коюлган материалдар жана экспонаттар меймандарды өзгөчө кызыктырды. Музейден соң ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматына барышып, анын ишмердүүлүгү менен таанышышты. Өзбекстандан келген кесиптештерге баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы аракеттенүү боюнча уюштуруу иштери, жабдылган иш бөлмөлөр, лабораториялар, тир жана спортзал көрсөтүлдү.
Ушуга эле катар, меймандар Ош ОИИБнын имаратын жана башкармалыкта кылмыш иликтөө кызматынын 100 жылдыгына карата ачылган генерал-майор Базарбай Нурматов атындагы музейи менен да кенири таанышып чыгышты.

ИИМдин Басма сөз кызматы

Leave A Reply

Your email address will not be published.