народный

Ош шаарында ВИЧке каршы анализ акысыз жана жашыруун текшерилет

Ош шаарында бүгүн, 17-ноябрда мобилдик клиника өз ишин баштады, анда ар бир адам жашыруун жана акысыз жыныстык жол менен жугуучу инфекциялар – ВИЧке текшерүүдөн өтө алышат.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча,  В жана С гепатитине жана кандагы канттка анализ тапшырса, ошондой эле  УЗИден өтсө болот.

Белгиленгендей, бардык анализдер жашыруун жана акысыз жүргүзүлөт.

Ош шаарында СПИДге каршы күрөшүүнү жарыялаган “Сакта” (Protect) ураанынын астында мобилдик клиника жайгаштырылган жана 1-декабрь – Бүткүл дүйнөлүк СПИДге каршы күрөшүү күнүнө карата уюштурулган.

Мобилдик клиникада Ош облустук СПИДдин алдын алуу жана ага каршы күрөшүү борборунун жана Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасынын дарыгерлери  иштешет.

Ош шаарындагы З.Бабур атындагы драма театрынын алдындагы мобилдик клиника ушул жуманын ичинде 22-ноябрга чейин күн сайын саат 08: 00дөн 19: 00гө чейин иштейт.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru