Ош шаарындагы бала бакчадан жылан чыкты. Бул тууралуу бүгүн, 24-августта ӨКМден кабарлашты.
Маалыматка караганда, куткаруучуларга Атабаев көчөсүндөгү «Малышок» бала бакчасынын аймагында жылан бар экендиги тууралуу маалымат түшкөн. Ал жерге 4 куткаруучу барып, жыланды кармап, коопсуз жайга коё беришкен.