Ош шаарындагы каналдан аялдын жансыз денеси табылды
Кечээ, 24-февралда Ош шаарындагы Кайырма каналынан аялдын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Саат 19:58де Ак-Тилек кичи районундагы Кайырма каналында белгисиз адамдын жансыз денеси жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн.
Окуя болгон жерге ӨКМнын Ош шаары
боюнча башкармалыгынын куткаруу кызматынын куткаруучулары тартылып, 1974-жылы
туулган аял кишинин жансыз денесин суудан алып чыгарышкан. Жансыз дене ИИМдин
кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.