Ош шаарынын мэриясы ипотекалык негиздеги 9 кабаттуу экинчи үйдүн курулушун баштады

Бүгүн, 18-сентябрь күнү Ош шаарынын Достук кичи шаарчасында мэрия тарабынан ипотекалык негизде берилүүчү экинчи көп кабаттуу үйдүн курулушу башталды. Капсула салуу аземине Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов катышып, жарандарды жеңилдетилген ипотекалык негизде үй менен камсыз кылуу аракеттери жүрүп жатканына токтолду.

 “Өткөн 2019-жылы 80 батирлүү биринчи үйдүн курулушу башталган. Ал үйдү кийинки жылдын март айында колдонууга берүүнү пландап жатабыз. Учурда Достук кичи шаарчасында 9 кабаттуу үйдүн курулушу башталды. Бул көп кабаттуу үй 2022-жылдын март айында курулуп бүтөт. Жакында үчүнчү үйдүн капсуласы салынат. Келечекте шаар тургундары, мекеме-ишканаларда эмгектенип жаткан жөнөкөй кызматкерлер үчүн арзан баадагы ипотекалык турак жайлар курулуп, үйгө болгон муктаждыгын акырындык менен жоебуз. Мындан тышкары шаарыбызда социалдык объектилер да курулуп жатат”,-деди Т.Сарыбашов.

Шаар мэри мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн да үй куруу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жаткандыгын кошумчалады. Ош шаардык мэриясына караштуу муниципалдык ипотекалык ишканасынын башчысы Кутманалы Абдрахман уулунун айтымында, жаңыдан курулушу башталган 9 кабаттуу үйдө 90 батир болот. Биринчи кабатында жергиликтүү жашоочулар үчүн поликлиника курулуп, 60 автоунаа токтотууга шарт түзүлөт. Көп кабаттуу үйгө баруучу ички жол да асфальтталмакчы.

Leave A Reply

Your email address will not be published.