ОШ ШИИБи билдирет: «МАИ кызматкери өзүн жулмалаган журналистти кечирди»
Мындай маалыматты “коом press” сайтына Ош ШИИБинин маалымат кызматынын башчысы Замир Сыдыков билдирди: –
ОШ шаардык ШИИБинин басма сөз катчысы Замир Сыдыков
«МАИ Ташкулов Бексултан журналист Жылдыз Бекбаева менен жумуш үстүндө жулмалаша кетишкени коомчулукта социалдык тармактар аркылуу тарап жатат. . Бизге МАИ келип илдирүү калтырып кеткен. Бирок жигиттик кылып журналистти кечиргенин айтып, билдирүүсүн кайтарып алды. Бирок журналисттин жол кыймылын бузгандыгы үчүн жазылган айыбы алынбайт. Ал төлөп берүүгө милдеттүү болот»-деди.
Эске сала кетсек, 12-мартта “Акипресс” сайтына Ош шаарындагы МАИ кызматкери Бексултан Ташкуловдун журналист Жылдыз Бекбаева менен пикир келишпей жулмалаша кеткен видеосу тараган.