Ош: Телефон саткан дүкөндү карактаган Өзбекстандык 4 жаран кармалды

8-январда Ош шаарында уюлдук телефон саткан дүкөнгө азият улутундагы 4 бала кирип, сатуучуга зомбулук көрсөтүп,  сатууда турган телефондорду карактап кеткен жарандар изи сууй электе кармалды.

Бул тууралуу Ош ШИИБнин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 8-январь Ош шаарынын Масалиев проспектисинде жайгашкан “ЦИФРОВИК” уюлдук телефон саткан дүкөнүнө бет кап кийген, азият түспөлүндөгү 4 адам бастырып кирип, кымбат баалуу уюлдук телефондорду карактап кеткен.

Факт боюнча  ОшШИИБ ыкчам тергөө тобу ыкчам жүргүзүлгөн иш аракеттердин натыйжасында, кылмыштын изи сууй электе  бул окуяга тийешеси бар деген шек менен, Өзбекистан Республикасынын  төрт жаранын  1996-ж.т. А.Ж,   2001-ж.т. Р.А,      2002-ж.т У.А,   1999-ж.т К.М кармаган.

Күбөлөрдүн катышуусунда шектүүлөргө тинтүү жүргүзгөн учурда  жанынан түрдүү үлгүдөгү уюлдук телефондору, бир даана бүктөмө, бычак, “ПМ” үлгүсүндөгү номери өчүрүлгөн тапанча табылып алынып, алынган буюмдарга тийиштүү экспертизалар дайындалды

Шектүүлөр жасаган кылмышын толугу менен мойнуна алышып, Андижан облусунан  Ош шаарынын аймагына 7-январда мыйзамсыз  өткөнү белгилүү болгон.

Буюмдардын бир бөлүгүн сатып үлгүрүшкөн.

Учурда алар Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын  убактылуу кармоочу жайына киргизилип, ар тараптуу иликтөө амалдары жүрүп жатат.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru