Ошто 2 өспүрүм унаа уурдап баратканда майы түгөнүп калган. Алар Бишкектен кармалды

Ош шаарында унаа уурдоого шектелип 17 жаштагы эки өспүрүм кармалды. Бул тууралуу Ош ШИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Түзүмдүн маалыматы боюнча, 31-августта Ош шаарынын К.У. аттуу тургуну милицияга арыз менен кайрылган. Ал өз арызында И.Раззаков көчөсүндөгү көп кабаттуу үйдүн алдында токтоп турган автоунаасын белгисиз адамдар уурдап кеткенин билдирген. Арыз Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейин өндүрүш иши башталган.

Ыкчам иликтөөнүн жүрүшүндө шектүү катары Өзгөн районунун 2 тургуну — 17 жаштагы А.А жана К.О. 9-сентябрь күнү Бишкек шаарынан колго түшүрүлгөн.

«31-августка караган түнү А.А жана К.О. жабырлануучуга таандык “Дэу Тико” үлгүсүндөгү унаасын үйүнүн алдында токтоп турган жеринен уурдап, айдап кетишкен. Унааны Ош шаарынын аймагынан айдап чыгып, Өзгөн районундагы Жылалды айылына жеткенде күйүүчү майы калбай, өчүп калган. Ошол түнү унаада уктап, эртең менен унааны өчүп калган жерге калтырып, Ош шаарына кайтып келишкен. Андан кийин Бишкек шаарына качып кетишкен. 11-сентябрда Ош шаардык соту аларды 11-октябрга чейин камакта калтырган. Бүгүнкү күндө тергөө иштери уланууда», – деп айтылат маалыматта.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru