Ошто 78 жаштагы карыяны тоноп,сабап кетти


Ош шаарында 78 жаштагы пенсионерге кол салып, уруп-сабап, тоноп кетишти. Бул тууралуу түштүк борбордун Ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 13-ноябрда саат 18.25 чамасында пенсионер үйүнө кирип бара жаткан учурда белгисиз адам ага арттан кол салып, муунтуп, сабап баштаган. Ошондой эле шектүү жабырлануучунун чөнтөгүнөн 7 миң сомун алып, качып кеткен.
Факты КЖБРга катталып, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 202-беренеси “Каракчылык” боюнча сотко чейинки өндүрүш башталды. Кылмышка шектүү 44 жаштагы М.Ж. кармалды. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru