Ошто “Ади” каймана аттуу экстремисттик уюмдун активдүү мүчөсү кармалды

Ош шаарында Кыргызстандын аймагында тыюу салынган “Хизб ут-Тахрир аль-Ислами” экстремисттик уюмунун активдүү мүчөсү кармалды. Бул тууралуу Ош ШИИБден билдиришти.

Маалыматка ылайык, “Ади” аттуу каймана аты бар атуул тарабынан интернет тармагы аркылуу Кыргызстандын аймагында ишмердүүлүгүнө тыюу салынган “Хизб ут-Тахрир аль-Ислами” экстремисттик уюмунун катарына кошулуусуна активдүү үгүттөө иштерин алып барып, уюмдун материалдарын жайылтып жүргөндүгү аныкталган.

Бул факты боюнча, Кылмыш кодексинин 332-беренеси менен кылмыш иши козголгон.

Иликтөөнүн жүрүшүндө аталган атуулдун өздүгү жана жашаган жери аныкталып, ал Ош шаарынын тургуну, 1978-жылы туулган Х-в И. Аттуу жаран экендиги аныкталып, кармалган.

Ал “Хизб ут-Тахрир аль-Ислами” экстремисттик уюмунун активдүү мүчөсү болгон. Иликтөө иштеринин жүрүшүндө ага таандык болгон бир нече уюлдук телефондорундагы, интернет тармагындагы өздүк баракчаларындагы сакталган материалдарга карата тиешелүү экспертизалар дайындалган.

Натыйжада “Хизб ут-Тахрир аль-Ислами”диний-экстремисттик уюмуна таандык материалдар жана чакырыктар бар экендиги экендиги аныкталган.

Азыркы учурда шектүү Ош ШИИБнын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тергөө иш-аракеттери улантылууда.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru