народный

Ошто “Айданек” бала бакчасына кошумча имарат курулат

Ош шаарында №30 “Айданек” бала бакчасына кошумча 100 орундуу  имарат курулат. Бул тууралуу мамлекеттик сатып алуулар порталы маалымдады.

Маалыматка караганда, тендер түштүк борбордун мэриясынын капиталдык курулуш башкармалыгы тарабынан жарыяланган. Бул курулушка 24 миллион 543 миң 415 сом жумшоо пландалууда.

Жумуш тогуз айдын ичинде бүтүшү  керек, ал эми подрядчик келишимдерди / кызматтарды көрсөтүү тажрыйбасына ээ болушу керек.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru