Ошто эки мугалим пара алууга шектелип кармалды

Ош шаарында пара талап кылуу фактысына шектелип эки мугалим кармалды. Бул тууралуу Ош ШИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 13-сентябрда Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан пара алууга шектүү катары 2 мугалим кармалган.

“Бирөө жогорку окуу жайдын, экинчиси орто мектептин мугалими. Кийинчерээк толук маалымат берилет”, – деп билдирди басма сөз кызматы.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru