Ошто калемгерлер үчүн мастер-класстар өтүлөт

3 күн бою Ош шаарында Кыргыз Эл акыны Сагын Акматбекова, акын Калчоро Көкүлов, Улуттук жазуучулар союзунун төрагасы Нурлан Калыбеков  калемгерлерге мастер-класс өтүшөт. Бул тууралуу Улуттук жазуучулар союзунан кабарлашты.

Бул иш-чара КРУЖС Ош бөлүмү, Ош шаардык мэриясы, “Жигер” чыгармачылык жаштар борбору тарабынан Эл аралык “Нурборбор” чыгармачылык академиясынын 20 жылдыгына карата Ош шаарында өткөрүлүп жаткан поэзия күндөрүнүн алкагында уюштурулууда. Маалыматка ылайык, 3 күн бою өтө турган ыр майрамга Бишкек шаарынан жыйырмага жакын жаш таланттар келип катышууда. Бул саамалык акын Улукбек Омокеевдин демилгеси жана КРУЖС Ош облустук бөлүмүнө төрага болуп шайлангандагы алгачкы иш-чарасы. Поэзия кечелердин, окуу-семинар, мастер-класстардын жүрүшү тууралуу алдыда дагы кенен маалымат берилет

Leave A Reply

Your email address will not be published.