Ошто мас абалында унаа башкарып бара жаткан 2 жаранга 3 миң сомдон жана 17 500 сомдон айып пул салынды
Ошто коменданттык саат учурунда көчөдө жүргөн 10 жаран кармалды. Бул тууралуу Ош шаарынын, Кара-Суу жана Ноокат районунун коменданты Малик Нурдинов билдирди.
Анын айтымында, коменданттык саатты бузгандарга протоколдор түзүлүп, айып пул салынган. “Ошто мас абалында унаа башкарып бара жаткан 2 жаранга 3 миң сомдон жана 17 500 сомдон айып пул салынды. Учурда коомдук саясий абал туруктуу, комендатуранын көзөмөлүндө”, – дейт Нурдинов.