Ошто мэрияда иштеген чиновник УКМК тарабынан кармалды

Ош шаардык мэриясынын жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо бөлүмүнүн башчысы И.С. УКМК тарабынан кармалды. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалардын бири өздүк булакка таянып жазып чыкты.

Алдын ала маалым болгондой, ал кечээ 6-апрель күнү УКМКнын кызматкерлери тарабынан кармалган. Азырынча эмне себептен кармалганы белгисиз.

БУЛАК: Турмуш

Leave A Reply

Your email address will not be published.