Ошто оорусун жашырган киши 7-8 адамга коронавирус жуктурган

Ошто оорусун жашырган киши 7-8 адамга коронавирус жуктурган. Бул тууралуу Ош шаарынын, Кара-Суу жана Ноокат районунун коменданты Малик Нурдинов билдирди.

Анын айтымында, учурда ал жаран аялы менен бирге обсервацияда жатат. “Оштун тургуну 7-8 адамга илдетти жуктурган. Жугузуп алган адамдар да башка жарандар менен байланышта болгон. Биз баарын таап, обсервацияга киргизгенбиз”, – дейт ал.

Эскерте кетсек, буга чейин илдетти жуктуруп алып, оорусун жашырган жаран айыккандан кийин 5 жылга чейин камалары айтылган

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru