Ошто отоплениенин суусун идиш аяк жууганга пайдаланып башташты

Журналист Абай Нур Большевиков  өзүнүн ФБ баракчасы аркылуу  Ош шаарынын тургундарына кайрылып, бир үй-бүлөнүн айынан күндүн суук мезгилинде бир нече үй-бүлөдө жылуулук жок болуп жаткандыгынын себебин түшүндүрдү.

“Урматтуу Ош шаарынын тургундары. Ушул кантип болсун эми. Жылуулук ишканаларына жүзөгөн арыз даттануулар келет. Бир нече үйлөргө жылуулук нормада жетпей жатат. Анын себепчиси ишкана эмес. Өзүбүз болуп жатпайлыбы. Отоплениенин суусуна кир, идиш аяк жууп, анысы аз келгенсип өзүбүз жуунганга пайдаланып жатканыбыз бул башка кошуналарыбызга чыккынчылык да. Ар кимибиз өзүбүздүн көмөчүбүзгө кул тарта бербей, башкаларды да ойлойлу. Үй башчылары, квартал башчылары ушундайларды көзөмөлгө алууга жардам бериниздер. Болбосо бир адамдын айынан бир нече үй бүлө кышты суук үйдө өткөрүп калышпасын….

Кайдыгерликти токтотолу!”, -дейт ал.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru