Ошто профилактикалык жана дезинфекциялоо иштерине 700 миң сом бөлүндү

Оштогу медицина тармагына профилактикалык жана дезинфекциялоо иштерине жергиликтүү бюджеттин 700 миң сом бөлүндү. Бул тууралуу Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов билдирди.

“Аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө медициналык каражаттардан жардам берүү максатында 500 миң сом бөлүп беребиз. Мүмкүнчүлүгү барларды мындай учурда аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө көмөк көрсөтүүгө чакырабыз”, – дейт Сарыбашов.

Ошондой эле, шаардагы ресторандарга той өткөрүүгө тыюу салына тургандыгын кошумчалады Сарыбашов

Белгилей кетсек, Ош аэропортунда эл аралык каттамдар токтотулуп, ички каттамдар гана жүрүүдө.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru