Ошто спирт ичимдиктерин сатууга тыюу салынды

Ош облусундагы коменданттык саат киргизилген аймактарда алкоголдук ичимдиктерди сатууга тыюу салынды. Бул тууралуу облустун комендатурасынын маалымат кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, тиешелүү буйрукка комендант Малик Нурдинов кол коюп, ал күчүнө кирди.

“Өзгөчө абал киргизилген Ош шаары, Ноокат жана Кара-Суу райондорунда коменданттык сааттын талаптарын бузган жарандар, унаа башкарган жана жол кырсыктарына кабылган айдоочулар көпчүлүк учурда мас абалда болуп жаткандыктан, спирт ичимдиктерин сатууга тыюу салынат. Буйруктун аткарылышын Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынын Ош шаары, Ош облусунун Ноокат жана Кара-Суу райондорундагы түзүмдөрү, ИИМдин түзүмдөрү көзөмөлдөйт жана камсыздайт”, – деп айтылат маалыматта.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru