народный

Ошто унаалардын аккумляторлорун уурдап жүргөн эки жаран кармалды

Ошто автомашиналардын аккумляторлорун уурдап жүргөн шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу Ош ШИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, кармалган шектүүлөр Ош шаарынын Туран киши шаарчасынын тургундары болгон. 1994-жылы туулган М уулу Б. жана 2005-жылы туулган Г.Ж. атуу шектүүлөр жол боюнда токтоп, кароосуз калган жүк ташуучу машиналардын аккумляторун түнкүсүн уурдап, арзан баада метал кабыл алуучу пунктарга өткөрүп турган.

Шектүүлөр буга чейин Ош шаарынын Туран кичи шаарчасынын аймагынан 6 автомашинанын аккумляторлорун уурдашкандыгын мойнуна алышкан.

Аталган факты боюнча кылмыш кодексинин 205-беренеси менен кылмыш иши козголуп, учурда тергөө иштери башталды.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru