Ошто жасалма 3 миң бөтөлкө алкоголь табылды

Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери Ош облусунун Ноокат районундагы салык контролунун жүрүшүндө жасалма акциздик маркалар менен алкоголдук продукция саткан дүкөндү аныкташты.
Ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришкендей, 3 миңден ашык бөтөлкө арак тартып алынды.
Ишкерге карата Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чаралар көрүлөт.