народный

Ошто жаш кыз 11-кабаттан секирүүгө аракет кылды

Ош шаарында өз өмүрүнө кол салууга аракет кылган 17 жашар кыз куткарылды. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти. 

Маалыматка ылайык, Масалиев көчөсүндө курулуп жаткан көп кабаттуу үйдүн 11-кабатында 17 жаштагы К.А. аттуу кыз киши өз өмүрүн кыюуга аракет кылып жаткандыгы тууралуу маалымат 112 кызматына түшкөн. 

Жерине Ош шаардык куткаруу кызматынан 4 куткаруучу тартылып, аталган кызды түшүрүп, алгачкы медициналык жардам көрсөтүшкөн. Андан соң ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru