Ошто жыл башынан бери 469 жол кырсыгы катталып, 17 адам өмүр менен кош айтышты

 Ош шаарында Бүткүл дүйнөлүк жол унаа кырсыктарынан каза болгондорду эскерүү күнүнө карата атайын иш-чара өткөрүлдү. Бул тууралуу Ош ШИИБ боюнча милициянын кайгуул кызмат бөлүмүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.

БУУнун Башкы ассамблеясынын 2005-жылдын 26-октябрындагы резолюциясына ылайык, ноябрь айынын үчүнчү жекшембиси Бүткүл дүйнөлүк жол кырсыгынан каза болгондорду эскерүү күнү деп кабыл алынган.

Эскерүү күнүнө карата Ош ШИИБ боюнча милициянын кайгуул кызмат бөлүмү тарабынан атайын иш-чара уюштурулду. Милиция кызматкерлери Ош шаарындагы маршруттук каттамдардын айдоочулары, автомектепте билим алып жаткан курсанттар жана Ош техникалык университетинин студенттери менен жолугушту. Анда жол кыймылынын эрежелери, өлкө аймагында болуп жаткан жол унаа кырсыктары ,анын кесепеттери жана алардын келип чыккан негизги себептери тууралуу маалымат берилди. Ошондой эле жол унаа кырсыктарынын алдын алууга багытталган буклеттер таратылды.

Иш-чаранын негизги максаты — жол унаа кырсыктарынан каза болгон жарандарды эскерүү менен биргеликте оор кесепеттер жана өлүм менен коштолгон жол унаа кырсыктарын алдын алуу болуп саналат. 2021-жылдын 10 айында Ош шаарынын аймагында 469 жол кырсыгы катталган. Анын ичинен 632 жаран денелеринен ар кандай жаракаттарды алышса, 17 адам жол унаа кырсыгынан каза тапкан.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru