Оштогу Бабур атындагы театр 5 млн долларга оңдолот

Кечээ, 13 -сентябрда Ош шаарында жайгашкан Бабур атындагы академиялык музыкалык драма театрын реконструкциялоо иши башталды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Реконструкциялоо Өзбекстан менен Кыргыз Республикасынын ортосундагы эл аралык эки тараптуу социалдык-экономикалык байланыштарды чыңдоо боюнча жетишилген макулдашууларга ылайык башталган.

«Театрды реконструкциялоону аяктоо келерки жылдын башында пландалууда. Жумуштун жалпы баасы 5 миллион долларды түзөт. Көрсөтүлгөн долбоорго ылайык, театрдын имараты толугу менен оңдолот», – деп айтылат маалыматта.

Булак: Akipress

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru