народный

Оштун тургундары ЖК депутаттары менен болгон жолугушуудан ордунан туруп, тарап кетишти (Видео)

Кечээ, Ош облусунун Араван районунда жергиликтүү элдин Жогорку Кеңештин депутаттары менен жолугушуусу болуп, анда жергиликтүү бийлик өкүлдөрү айыл чарба жерлерин сугат суу менен камсыз кылуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу айтып беришти.
Жыйындын жүрүшүндө 1000 гектар жер маселеси көтөрүлгөн.

Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Данияр Жаныкулов трибунага чыгып, кырдаалды түшүндүрүүгө аракет кылган.
Бирок, анын сөзүн депутат Өмүрбек Бакиров бөлүп, алар (ЖК депутаттары) бул жерге эки адамдын ортосундагы түшүнбөстүктү угуу үчүн келишкен жок экендигин айткан. Ушундан улам жергиликтүү тургундардын жырымы Данияр Жаныкуловду колдоп, ордунан туруп залдан чыгып кетишкен.

Видео төмөндө:

https://www.facebook.com/111096148117196/posts/148388374387973/

Жыйынга Жогорку Кеңештин депутаттары: Өмүрбек Бакиров, Жалалидин Нурбаев, Арслан Малиев, Нурлан Ражабалиев, Аманкан Кенжебаев катышкан.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru