Отко этиятсыздык мамиле кылып өрт чыкты

Сутка ичинде республиканын аймагында 17 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарынын Свердлов районундагы Тыныстанов жана Москва көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан кафенин 6 чарчы метр аба соргучу (вытяжка) күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Ош облусунун Араван районундагы Араван айылында жыгач устундуу шифер жабылган эки кабатту сарайдын 78 чарчы метр чатыры, 7 тонна саман, 200 боо пахта сабагы, 30 даана стропила күйгөн. Өрттүн себеби отко этиятсыздык мамиле кылуу.

Ош облусунун Кара-Суу районундагы Нариман айылындагы Арал көчөсүндө көмөк чордон күйгөн. Өрттүн себеби электр зымдарынын кыска туташуусу.

Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Ак-Тилек постунун аймагында ачык аянтта 10 гектар куураган чөп күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Чүй облусунун Токмок шаарындагы Токтогул көчөсүндө жыгач устундуу шифер жабылган сарайдын 8 чарчы метр чатыры күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Булаң-Сөгөттү айылында ачык аянтта 30 сотык куураган чөп, 30 түп алма, 40 түп өрүк күйгөн. Өрттүн себеби такталууда

Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарындагы Аманбаев көчөсүндө жайгашкан мончонун 50 чарчы метр пластик шыбы жана 39 чарчы метр ички жасалгасы күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Талас облусунун Бакай-Ата районундагы Ключовка айылында ачык аянтта 5 гектар куураган чөп күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru