Пакистандык жаран алдамчылыкка шектелүүдө

Борбор калаада алдамчылыкка шектелип Пакистандын жараны кармалды. Бул тууралуу Свердлов РИИБинин басма сөз кызматынан билдирди.

Арыз ээси шектүүгө 18-ноябрда 53 жарым миң сом берген. Себеби ал жабырлануучуга Кореяга кетүү үчүн визага жардам берүүнү убада кылган. Андан соң из жашырып кеткен.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Көп өтпөй шектүү кармалып убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru