народный

Пакистандын аймагында жүргөн үч кыргызстандык коронавирус жуктуруп алгандыгы аныкталды

 

 Үстүбүздөгү жылдын 1-апрелине карата Пакистандын аймагынданы Абботабад шаарында жүргөн үч кыргыз жараны Covid-19 коронавирустук инфекциясын жуктуруп алгандыгы аныкталды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин (ТИМ) басма сөз кызматы билдирет.

Алдын ала маалыматка ылайык, 1950-1952-1959-жылкы үч КР жараны башка дагы алты кыргызстандык жана бир РФнын жараны (кыргызстандык аял) менен чогуу Хайбер-Пахтунхва провинциясынын Абботабад шаарына дааватка келишкен.

“Азыркы учурда бейтаптардын бири ооруканада, анын жанында бир үй-бүлө мүчөсү бар – ал дагы коронавирус жуктуруп алган. Үчүнчү жаран карантиндик аймакта дарыгерлердин көзөмөлүндө болууда. Бардыгынын абалы туруктуу. Аталган жарандар Кыргызстандын Исламабаддагы элчилигинде консулдук каттоодо турбайт. Өз алдында жардам сурап кайрылышкан эмес. Элчилик Пакистандын медициналык мекемелери жана укук коргоо орган кызматкерлери менен тынымсыз байланышта болууда”, – деп кошумчаланат маалыматта.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru