Пандемияда Кыргызстан канча дарыгеринен айрылды?

Пандемия учурунда Кыргызстан 84 дарыгеринен айрылды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында өткөн парламенттик жыйында билдирди. Маалыматка караганда, каза болгон дарыгерлердин 41 үй-бүлөсү компенсация алуу үчүн арыз жазышкан . «Бүгүнкү күндө биз медицина кызматкерлеринин 28 үй-бүлөсүнө 28 млн. бердик. Калган арыздар каралууда », – деди Мадамин Каратаев. Ал белгилегендей, коронавирустук инфекцияга каршы күрөштө өкмөттү колдоо үчүн кыргызстандыктар тарабынан чогултулган 135 миллион сом дарыгерлерге төлөөгө жумшалган. «6 миллион сом калды»,- деп кошумчалады чиновник.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru