народный

Пандемиядан кийинки экономиканы талкуулоо үчүн Эл аралык кеңешме өтөт

26-27-октябрда Россия, Кытай, Армения, Кыргызстан, Казакстан, Беларустагы бизнес адамдары жана мамлекеттик түзүмдөрдүн өкүлдөрү пандемиядан кийин экономиканы калыбына келтирүү, ЕАЭБ менен Кытайдын иш тажрыйба жүзүндөгү алакалары талкууланмакчы. Алар – экология, туруктуу өнүгүү, логистика, транзит процессинде санарип чечимдерди тереңдетип киргизүү, улуттук валюта менен эсеп-кысап жүргүзүү жана агро өнөр жай боюнча кызматташуу маселелери. Иш-чара Евразиялык экономикалык комиссиянын аянтчасында өтөт. «Бир алкак — бир жол» деп аталган глобалдуу транспорттук жана инвестициялык инфратүзүмдү калыптандыруу жаатындагы кытайлык демилге эки долбоорду бириктирди. Алар — «Жибек жолунун экономикалык алкагы» жана «XXI кылымдагы деңиз Жибек жолу». Онлайн-жолугушуунун катышуучуларынын арасында Россия ТИМ жетекчисинин орун басары Игорь Моргулов, Кытайдын коммерция министри Чжунь Шань, Беларусь ТИМинин жетекчисинин биринчи орун басары Александр Гурьянов, Казакстандын соода, интеграция министри Бахыт Султанов, Армениянын экономика министри Тигран Хачатрян, Кыргызстандын экономика министри Санжар Муканбетов бар.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru