Парламент депутаттары жаӊы шайлоо мыйзамын колдобойт

Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо тууралуу мыйзам долбоору өтүп кетсе өлкөдө тополоң, революция болот. Бул тууралуу депутат Таабалды Тиллаев парламентте билдирди.

Учурда парламентте пропорционалдык жана мажоритардык система менен шайлоо тууралуу президенттин демилгеси талкууланууда.

“Сиздер президентти, төраганы жана бизди жарга түртүп жатасыздар. Бул мыйзамды кабыл алсак эртең эмне болору баарыбызга белгилүү. Тополоң, революция болот. Мамлекеттик кызыкчылык каралган эмес. Ушунун баарын билип туруп кабыл алсак бизде кандай жоопкерчилик болот?”, — деди Тиллаев.

БШК төрайымы Нуржан Шайлдабекова ага жооп берип жатып “Урматбек Обозбекович” деп кайрылып, башка депутат менен алмаштырып алды.

“Сизди колдоюн деп жаткам, эми мыйзамга каршы добуш берем. Сиз мыйзам эмес, палатаны, депутатты сыйлабай жатасыз. Өзүм билемдигиңиз менен ушуга алып келдиңиз”, — деп кайрылды Тиллаев.

Андан соң Шайлдабекова адашып калганын айтып кечирим сурады.

Депутат Улан Примов дагы мындай шайлоонун аягы ызы-чуу менен бүтө турганын айтты.

Leave A Reply

Your email address will not be published.