Парламенттик шайлоого 2 миң 494 шайлоо участогу түзүлгөн

Парламенттик шайлоодо 2 миң 494 шайлоо участогу түзүлгөн. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынан билдиришти. Маалыматка ылайык, анын ичинде 59 шайлоо участогу чет өлкөлөрдө жана 2 миң 435 шайлоо участогу өлкө аймагында. 11-апрелде өткөн “Конституциясы жөнүндө” мыйзам долбоору боюнча референдумдун (3 миллион 606 миң 201) катышуучуларынын санына салыштырганда шайлоочулардын жалпы саны 97 миң 219 шайлоочуга көбөйдү.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru