Парламенттин депутаттыгына талапкерге иштеген аким дүйшөмбү күнү кызматтан алынат, – президент

Бүгүн эртең менен бир аким депутаттыкка талапкерге иштеп жатат деген маалымат келип түштү, деп билдирди президент Садыр Жапаров мамлекеттик резиденцияда өткөн маалымат жыйында.

Анын айтымында, аким бир мандаттуу округдан көрсөтүлгөн талапкер үчүн иштеп жатат.

«Дүйшөмбү күнү биз аны кызматтан алабыз. Ким талапкерге иштесе, ошол замат кызматтан кетет», – деп белгиледи Жапаров.

Жогорку Кеңешти шайлоо 28-ноябрга белгиленген. Алар аралаш система боюнча өтөт: 36 депутат бир мандаттуу округдардан, 54 депутат партиялык тизме боюнча шайланат

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru