Парламенттин эшигин балта менен талкалап кирген жаран кармалды

Жаңы Зеландиялык эркек киши Веллингтон шаарында өлкө парламентинин эшигин балта менен талкалады. Бул тууралуу New Zealand Herald басылмасы жазып чыкты.

Кийинчерээк балта көтөрүп бара жаткан  Окленддин жашоочусун полиция кызматкерлери кармап кетишкен.

Парламенттин имаратына зыян келтирген деп шектелген адам буга чейин соттун алдына келди.  Ал январдын аягына чейин  “коопсуз мекемеге жөнөтүлдү” деп билдирет RT.

Маалыматка караганда, ал бир нече жолу “психикалык ден-соолугуна байланыштуу жалпы кооптонууну тастыктаган” билдирүүлөрдү жасаган.

Leave A Reply

Your email address will not be published.