Пенсия, жөлөкпулдар өз убагында төлөнүп турат
Пенсия, жөлөкпулдар өз убагында төлөнүп турат. Бул тууралуу вице-премьер-министр Эркин Асрандиев өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында билдирди.
Жыйында коронавирустан улам түзүлгөн кырдаалда экономика жана бизнеске кандай колдоо болору, азык-түлүк менен камсыздоо тууралуу маалымат берип жатып жөлөкпул, пенсия боюнча маселе жаралбай турганын айтты.
“Пенсия, жөлөкпулдар өз убагында төлөнүп турат. Андан кам санабагыла”, – деди Эркин Асрандиев.