Пикир келишпестиктен улам өз бир тууганын өлтүрүп алган жаран кармалды

700×100 kyr

Ушул жылдын 12-сентябрында Баткен РИИБнин нөөмөт бөлүмүнө жергиликтүү тургун өз үйүндө белгисиз себептен каза болгондугу боюнча маалымат түшөт.

Окуя болгон жерге Баткен РИИБнин ыкчам-тергөө тобу чыгып каза болгон жаран ошол айылдын 63 жаштагы тургуну экендигин, ошондой эле маркум өз бир тууган инисинин урган жараатынан улам каза болгондугун аныкташкан. 63 жаштагы маркум айылда 81 жаштагы өзүнүн апасы менен бир үйдө жашагандыктан, анын бир тууган 46 жаштагы иниси “сен улгайып калсаң да апаң менен чогуу жашайсын” деген сөздөр менен тилдеп, бир нече жолу уруп-тээп, мойнунан муунтуп салган.  Алган жараатынан улам 63 жаштагы жаран ошол эле түнү окуя болгон жерде каза болуп калган.

Бул факты Баткен РИИБнин КЖБРне Жазык кодексинин 130-беренесинин (киши өтүрүү) негизинде катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган. Ал эми аныкталып кармалган 46 жаштагы иниси убактылуу кармоо жайына киргизилди.

Баткен ОИИБнын Басма сөз кызматы

- Advertisement -

Leave A Reply

Your email address will not be published.